• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Караколдо эркек кишини жүк ташуучу унаа басып калып, ооруканага жетпей каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Караколдо эркек кишини жүк ташуучу унаа басып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Кирпич заводу кичирайонунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жанында 1990-жылы туулган У.У. аттуу эркек киши оор жүк ташуучу унааны оңдоп жатканда, аны унаа басып калган.

Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар жабыркаган адамды чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен, бирок жабыркаган жаран ооруканага жетпей тез жардам унаасында каза болгон.

Жерине 5 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий