• 88.68
  • 95
  • 0.95

Караколдо көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 18.04.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында алдын ала маалымат боюнча, Карасаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн өрт чыккан.

ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, тилсиз жоо тууралуу билдирүү саат 10:30да түшкөн.

Жерине эки күжүрмөн эсеп тартылган. Жалын саат 11:00дө өрт чектөөгө алынып, толугу менен саат 11:45те өчүрүлдү.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда, жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий