• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кардын калың жаашы... Милиция Жети-Өгүз районунун алыскы айылдарын кыдырууда

Аймак 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда кардын калың жаашынан улам аймактын милициясынын жетекчилиги алыскы айылдарды кыдыруу иштерин уюштурууда.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, кызматтык автоунаанын жардамы менен милиция кызматкерлери райондун алыскы аймактарына барып, тургундардын жашоо-шарты менен жакындан таанышууда. Ошондой эле аларга жардам көрсөтүү менен бирге, укуктук мүнөздөгү маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Андан тышкары, алыскы айыл тургундары көчмө кабылдамада орнотулган телефон аркылуу акысыз чалууларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий