• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Казарман айылында өрт чыгып, алты жашар кыз көз жумду

Кырсык 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Казарман айылынын Казымбаев көчөсүндөгү турай үйдөн чыккан өрттөн 6 жаштагы кыз көз жумду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Казарман айылындагы турак үйдүн ичинде парда күйгөн. Өрттүн кесепетинен алты жаштагы Н. к А., аттуу кыз көз жумду.

Өрттүн себеби - электр жабдыктарын куроодо жана пайдаланууда эреженин бузулушу.

Пикир

Оставить комментарий