• 88.68
  • 95
  • 0.95

ӨКМ: Жалал-Абадда кар көчкү алдында калган унаа табылды, ичинде адам болгон эмес

Кырсык 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Жалал-Абадда кар көчкү алдынан “Пикап” үлгүсүндөгү унаасы табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-февралда саат 16:30да Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунунун 338-чакырымында (Көк-Арт ашуусундагы туннелдин түштүк тарабында) куткаруучулардын издөө иш-аракеттеринин натыйжасында “Пикап” үлгүсүндөгү унаасы табылды. Бирок унаанын ичинде адам болгон эмес.

Аталган тилкеде “Чайна Роуд” ишканасынын 1 кызматкери дайынсыз болууда.

ӨКМдин Гидрометеорологиялык кызматынын адистеринин маалыматына ылайык, 338-чакырымына болжол 600 миң кубметр кар түшкөн, анын орточо бийиктиги 10 метрди түзөт.

Эскерте кетсек, Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунунун 332 жана 338-чакырымындарында кар көчкү түшүп, 4 адамды кар көчкү басып калган. Алар дайынсыз болууда.

Пикир

Оставить комментарий