• 88.68
  • 95
  • 0.95

ӨКМ жарандарды муз үстүндөгү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат

Коом 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды муз үстүндөгү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.

Ведомстводон белгилешкендей, муздун үстүнө кар жаап, туман түшкөндө жана караңгыда чыкпоо зарыл.

Мындан тышкары,

- көлмөнүн үстүнө тоңгон муздун үстүнө эч качан жалгыз барбаңыз, муздун калыңдыгын текшерүү үчүн бутуңуз менен тепкилебеңиз;
- кар астындагы музда сизге көрүнбөгөн жаракалар, тешиктер болот. Атүгүл эшиктеги сууктун күчү катуу болгон учурда да тоңгон муз жука болуп, ал жарылып кетиши толук мүмкүн;
- калыңдыгы 5 см муз чоң кишини көтөрө албайт;
- ал эми 10 см болгон муздун үстүндө балык уулоого болот. Бирок муз үстүндө басууга болбойт;
- 12 см калыңдыктагы музда кар унаасы (снегаход) 20-30 см музда жеңил унаа, калыңдыгы 30-38 см болгон музда жүк ташуучу унаа жүрө алат.

Пикир

Оставить комментарий