• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Коронавирус жуктурган 12 бейтаптын абалы оор – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө коронавирус жуктурган 12 бейтаптын абалы оор. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда ооруканаларда 371 бейтап жатат. “Алардын ичинен 12 адамдын абалы оор болуп, анын алтоо жандандыруу бөлүмүнө жайгаштырылган. Ал эми 359 бейтаптын абалдары канааттандырарлык жана орточо оор деп бааланууда", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 18-апрелге карата коронавирус жуктурган 17 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 506га жетет. Алардын ичинен 130 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий