• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Коронавируска чалдыккан 11 адамдын абалы оор, анын ичинен эки киши реанимацияда жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 06.06.20. /Кабар/. Коронавируска чалдыккан 11 адамдын абалы оор, анын ичинен эки киши реанимацияда жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Учурда ооруканаларда 592 адам дарыланууда.

“Коронавируска чалдыккан 11 адамдын абалы оор, анын ичинен эки киши реанимацияда жатат. 95 адамдын абалы орточо оор, 486 бейтаптын абалы канааттандырарлык”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 6-июнга карата коронавирус жуктурган 38 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1974тү түзөт. Алардын ичинен 1360 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 22 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий