• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР экономика жана финансы министри ЕАӨБ башкармалыгынын төрагасынын орун басары менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 14.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 14-майда КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) башкармалыгынын төрагасынын орун басары Амангелди Исенов менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун маселелери талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө ЕАӨБ тарабынан бюджетти жана COVID-19 пандемиясына байланыштуу саламаттыкты сактоо тармагын колдоо, ошондой эле Кыргызстанда жеке секторду өнүктүрүүгө жеңилдетилген каражат берүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча актуалдуу маселелер көтөрүлдү.

"Манас" аэропортундагы учуу-конуу тилкесин модернизациялоо, "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы тарабы эки локомотивди алуу, ошондой эле Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча келечектүү долбоорлорду ЕАӨБдин өкүлдөрү белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар Санарип демилгелер фондусуна байланыштуу маселени талкуулашты, анын максаты - ЕАӨБ мүчө-мамлекеттерине банктын мүчө-мамлекеттеринин санариптик трансформациясы үчүн инструменттерди жана тажрыйбаларды калыптандырууга көмөктөшүү болуп саналат. Анын ичинде алардын маалыматтарын интеграциялоо жолу менен ресурстар жана долбоорлорду иштеп чыгууга жана каржылоого катышуу, ЕАЭБдин санарип күн тартибинин негизги багыттарынын алкагында жүзөгө ашырылат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ыраазычылыгын билдиришти жана эки тараптуу мамилелердин мындан аркы жемиштүү өнүгүшүнө үмүт артышты.

Пикир

Оставить комментарий