• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан Казакстанга дагы 150 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Коом 0

Бишкек, 14.04.24./Кабар/. Кыргызстан Казакстандын суу каптоодон жабыркаган алыскы облустарына “Жардам кербенинин экинчи партиясын жөнөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жети оор жүк ташуучу унаадан турган кербенди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары коштоп барат.

150 тонна гуманитардык жардамда Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктары – май, айран, быштак, өсүмдүк майы, кургак сүт, каймак, сыр бар.

"Экинчи жардам кербенине Кыргыз Республикасынын президентинин резервдик фондунан каражат бөлүнүп, кыргыз эли да салым кошту", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, биринчи “Жардам кербенин” өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 6-апрелде 15 оор жүк ташуучу унаадан турган 300 тонна жардамды узаткан.

Гуманитардык жардам 4 облуска жеткирилген.

Кербен 6 миң чакырымга жакын жол жүрүп, Жамбыл – Чымкент – Түркестан – Актөбө – Атырау – Костанай – Орал (Уральск) жолун басып өткөн.

Пикир

Оставить комментарий