• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстан менен Афганистандын премьер-министрлери Ташкентте жолукту

Саясат 0

Ташкент, 01.11.19. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ташкентте Афганистандын премьер-министри Абдулла Абдулла менен жолукту.

Жолугушууда Абылгазиев Афганистанда өткөн президенттик шайлоо өлкөдөгү туруктуулукту камсыздай тургандыгына ишеним артты. Өкмөт башчы эки өлкө ортосундагы алаканын потенциалы абдан жогору экендигин билдирди.

«Учурда өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык алака төмөн, бирок бизнес өнүгөт деген үмүттөбүз. Биз Афганистандын Борбордук Азия өлкөлөрү менен болгон алакасынын өнүгүшүн колдойбуз», - деди Абылгазиев.

Өз кезегинде А. Абдулла баса белгилегендей, бир жыл аралыгында Афганистан Кыргызстан менен достук алака түзүүгө жетишкен.

Белгилей кетсек, Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Ташкент (Өзбекстан Республикасы) шаарына келген.

Пикир

Оставить комментарий