• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда 2019-жылы 1,7 млн китеп басылып чыккан

Коом 0

Бишкек, 06.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда 2019-жылы 1,7 млн нускада 1,5 миң китеп басылып чыккан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Былтыр басылып чыккан китептердин жарымынан көбү (54%) кыргыз тилинде болгон.

2019-жылы өлкөдө 38 журнал чыкса, алардын 8и кыргыз тилинде болгон. Алардын жалпы жылдык нускасы 80,2 миңди түзгөн. Анын ичинен 23,8 миңи кыргыз тилинде болгон.

Пикир

Оставить комментарий