• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

КРда I чейректе камсыздандыруу компаниялары 48 миң камсыздандыруу келишимин түздү

Экономика 0

Бишкек, 31.05.19. /Кабар/. Кыргызстанда 2019-жылдын биринчи чейрегинде камсыздандыруу компаниялары 48 миң камсыздандыруу келишимин түзүп, бул өткөн жылдын ошол эле мезгилине караганда 65,5 пайызга аз. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Статистика комитети билдиргендей, келишимдердин жалпы санынын ичинен дээрлик 83 пайызы жеке жактар менен 17 пайызы юридикалык жактар менен түзүлгөн.

"Түзүлгөн келишимдердин камсыздандыруу суммасы үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине карата абалы боюнча өткөн жылдын I кварталына салыштырганда 27,5 пайызга көбөйүп, 141 млрд.сомду түздү. Камсыздандыруу суммасынын көбөйүшү өз ыктыяры менен болгон мүлктү камсыздандыруу жана милдеттүү жарандык жоопкерчиликти камсыздандыруу келишимдерине туура келди", - деп билдирет Статистика комитети.

Келип түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы өткөн жылдын I кварталына салыштырганда 40,9 пайызга көбөйүп, 267,8 млн. сомду түзгөн.

"Камсыздандыруу учурларынын саны үстүбүздөгү жылдын I кварталында 2,1 миң түздү. Ал 2018-жылдын ошол эле мезгилине караганда 1,5 эсеге көп. Төлөнгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү ушул салыштырылып жаткан мезгилде 2,2 эсеге көбөйүп, 46,0 млн. сомду түздү. Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн негизги көлөмү ыктыярдуу мүлктүк (жалпы көлөмдүн 63 пайызына жакын) жана жеке камсыздандырууга ( 29 пайызына) туура келди", - деп айтылат маалыматта.

Аталган мекеме белгилегендей, ушул жылдын биринчи чейрегинде өлкөнүн каржы рыногунда 17 компания камсыздандыруу ишмердигин жүргүзүшкөн. Мындан тышкары, эки камсыздандыруу компаниясынан ишмердикти жүргүзүү лицензиясы кайра чакыртып алынса, бирөө калыптануу стадиясында турган.

Пикир

Оставить комментарий