• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

«Liglass Trading»Нарын ГЭСин курууга 500 млн доллар салууга даяр – Вайциховски

Экономика 0

Нарын, 18-июль /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Чехиялык «Liglass Trading CZ, SRO» команиясы Жогорку Нарын ГЭСин курууга 500 млн АКШ долларын салууга даяр. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө долбоордун директору Ержи Вайцихвоски билдирди.

Анын айтымында кол коюулган келишимге ылайык, курулуштун биринчи этабына “Ак-Булуң” ГЭСин жана “Нарын” ГЭС-1 кирген. “Аларга болжолу менен 230 млн доллар инвестиция керектелет. Биз убада кылгандай кол коюлгандан бир жума өткөндөн кийин биздин инженер-адистерибиз Кыргызстанга текшерүүгө келишкен. Учурда текшерүүлөр жүрүп жатат”,-дейт Вайцовски.

Ошондой эле, ал инвестициялардын бардыгы Кыргызстандын өкмөтүнүн кепилдигисиз келүүдө деди. “Эгер биз өзүбүздүн милдетибизди аткарбасак, биз курулушту токтотуп, 57 млн долларды “Жогорку Нарын” ГЭСине уставдык капитал катары калтырабыз. Бардык салыктарды толугу менен биз төлөйбүз. Бизге эч кандай жеңилдиктер каралган жок”, -деп кошумчалады чех компаниясынын директору.

Пикир

Оставить комментарий