• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан жана Ирандын президенттеринин атайын өкүлдөрү Афганистандагы кырдаалды талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 27.06.22. /Кабар/. Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү Таалатбек Масадыков Иран Ислам Республикасынын президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлү Хасан Каземи Куми менен Бишкек шаарында жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Иран делегациясы менен жолугушууга ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин (КР ТИМ) Төртүнчү саясий департаментинин директору Авазбек Атаханов жана КР ТИМинин Афганистан боюнча атайын өкүлү, Өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи Авазбек Абдуразаков катышты.

Тараптар Афганистандагы азыркы кырдаалды талкуулашып, регионалдык чакырыктар боюнча пикир алмашып, чөлкөмдөгү туруктуулук жана коопсуздукту сактоо зарылдыгын белгилешти.

Каземи Куминин Кыргызстанга сапары анын Борбордук Азия өлкөлөрүнө болгон регионалдык турнесинин алкагында өтүп жатканы белгиленет. Буга чейин ал жумушчу сапары менен Тажикстан менен Өзбекстанда болгон.

Пикир

Оставить комментарий