• 88.68
  • 95
  • 0.95

Милицияга баш ийбей качкан айдоочу кармалып, 5 протокол толтурулду

Укук тартиби 0


Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлерине баш ийбей качкан айдоочу кармалды.

Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, бир күн мурун социалдык тармактарда жол эрежелерин одоно бузган “Мерседец Бенц” үлгүсүндөгү автоунаа кайгуул кызматкерлерине баш ийбей качып кеткендиги тууралуу видео тараган.

Бул боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жургүзүп, аталган автоунаанын 1993-жылы туулган Б.И. аттуу айдоочусун табышып, баш ийбегендиги, каршы тилкеге чыккандыгы, уюлдук телефон колдонгондугу жана башка жасаган бузуулары үчүн КРнын Бузуулар тууралуу кодексинин тийешелүү беренелеринин негизинде жалпысынан 5 протокол толтурулду.

Пикир

Оставить комментарий