• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Министр Исаков: Жаңы муундагы мектеп мугалимдеринин жүзүн таанытууга убакыт келди

Билим 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Жаңы муундагы мектеп мугалимдеринин жүзүн таанытууга убакыт келди, - деп билдирди өкмөт үйүндө өткөн брифингдин жүрүшүндө өлкөнүн билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков.

Анын айтуусуна караганда, министрлик эң мыкты видеосабактарга республикалык сынак жарыялаган.

"Эң алыскы айылдын түпкүрүндө жашаган мектеп мугалимдери да чындыгында изденип, өздөштүрүп жатышат. Биздин электрондук дарекке аябай кызыктуу видеосабактарды жөнөтүп жатышкандыгы мени абдан кубандырат. Биз ушул кырдаалдан пайдаланып республикабыздын жаңыча ой жүгүрткөн, жаңы маалыматтык-технологияларды билген жана өзүнүн мыкты педагогикалык чеберчилигин көрсөткөн жаңы муундагы мектеп мугалимдеринин жүзүн таанытууга убакыт келди. Кээде аргасыздын жана муктаждык адамды ойлонууга, изденүүгө түртөт. Жакшы жагынан алып караганда биздин санариптик-технологиялар мугалимдердин иштөө темпин тездетти. Биз топ жакшы мугалимдерибизди эл көзүнө алып чыгып алсан болсок, анда биз санариптик мектеп сапатын жолго койобуз деген чоң үмүт бар", - деп билдирди министр Исаков.

Министр ошондой эле "Атам, апам жана мен, китеп окуйбуз баарыбыз тең" аталышындагы дагы бир сынак жарыялангандыгын эске салды.

"Ушул күндөрү ата менен эне балдарга мээримин төгүп, сүйүүсүн берип, балдардын жүрөгүндөгү сөздөрүн, максаттарын укса деген гана жакшы ой. Кечээ ата-энелердин баардыгына кайрылуу кат жолдодум. Себеби, бул ата-эне үчүн да чоң мүмкүнчүлүк. Ар бир ата-эненин жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөзү бала үчүн чоң үлгү, өрнөк", - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий