• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Нарын облусу Түркиянын Кастамону облусу менен кызматташат

Аймак 0

Бишкек, 18.01.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Кайыпов Түркия мамлекетинин Кастамону облусунда жана Анкара шаарынын Этимесгут районунда иш сапарында болуп кайтты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

2018-жылдын 11-15-январында Түркия мамлекетинин Кастамону облусунун чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Нарын облусу тарабынан 9 адамдан турган делегация Түркиянын облустук, шаардык башкаруу органдары жана жогорку окуу жайы, ишкерлер менен жолугушууларды өткөрүп, экономикалык-социалдык багытта кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Алгачкы күнү Кастамону Университетинин ректору Сейит Айдын жетектеген университеттин эмгек жамааты, Кастамону облусунун соода жана өнөр жай палатасынын президенти Селчук Арслан, жеңил жана оор өнөр жай ишкерлери, Кастамону муфтиси менен жолугушуу аркылуу башталды. Жолугушуунун жүрүшүндө Нарын облусу жана Кастамону облустарынын кызматташуулары боюнча сүйлөшүлдү.

Андан соң Кастамону облустук башкаруу органынын имаратында Кастамону губернатору Яшар Карадениздин кабыл алуусунда жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Нарын облусу жана Кастамону облусунун боордош облус болуусу боюнча негизги элементтери талкуулануу менен эки облустун экономикалык, социалдык, маданий тармактарда иш алып баруу маселелери талкууланды.

Делегация Кастамону шаарынын мэри Тахсин Бабаштын кабыл алуусунда болуп, Нарын шаары менен Кастамону шаары ортосундагы достук жана кызматташуу боюнча иш алып баруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Ошондой эле, Анкара шаарынын Этимесгут районунун мэри Энвер Демирел менен жолугушуу болуп, Нарын шаары менен Этимесгут районунун кызматташуусу боюнча сүйлөшүүлөр өттү.

Иш сапардын жүрүшүндө бир нече долбоорлор сунушталып, облустан чыккан продукциялардын лабораториялык изилдөөлөрдөн өткөн үлгүлөрү тааныштырылды. Сүйлөшүүлөр жыйынтыктуу болуп, бир нече макулдашууларга жетишилди:

-Нарын облусундагы дарыгерлердин кварталына (2 врач, 3 медицина кызматкери) акысыз Кастамону облусундагы медициналык клиникаларда тажрыйба алмашуусу жүргүзүлөт;

-Нарын мамлекеттик университетинин базасында тил жана маданият борборун, заманбап илимий лаборатория ачуу боюнча макулдашылды;

-Кастамону шаары менен Нарын шаарынын достугунун символу катары Нарын шаарына достук паркын куруу боюнча макулдашылды;

Мындан сырткары, Нарын облусунун Жумгал районуна көмүрдү брикеттөө ишканасын ачуу, этти кайра иштетүү комбинатын куруу, кымызды экспорттоо, жүндү кайра иштетүү боюнча долбоорлордун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Эске салсак, 2017-жылдын 19-20-декабрында Нарын облусунун чакыруусу менен Кастамону облусунан ишкерлерден турган делегация келген. Тоолуу аймактын өнөр жай, айыл чарба багытындагы долбоорлор менен таанышып, бул багытта кеңири сүйлөшүү максатында Нарын облусунун делегациясын 2018-жылдын январь айында Түркияга чакырган.

Пикир

Оставить комментарий