• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Некролог – Көрүнүктүү советтик, партиялык ишмер Бейшебек Акунов дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 25.05.19. /Кабар/. Өлкөнүн коомчулугу орду толгус чоң жоготууга учурады. Көрүнүктүү советтик, партиялык ишмер Бейшебек Акунов 87 жашында дүйнө салды.

Бейшебек Акунов 1932-жылы Ысык-Көл районунун Чоктал айылында туулган.

1955-жылы Москва автомобиль-жол институтун аяктап, өзүнүн эмгек жолун Фрунзедеги № 2-шаардык автобазада гараж жана устаканалардын начальниги болуп иштөөдөн баштаган. 1956-1960-жылдары Токмоктогу жүк ташуучу автобазанын башкы инженери, Фрунзе автожолдор техникумунун директорунун орун басары, Кыргыз ССР Министрлер Советинин Иш башкармасынын улук референти болгон.

1964-жылы Москва автомобиль-жол институтунун аспирантурасын аяктаган жана Фрунзе политехникалык институтунда улук окутуучу болуп иштеген. 1965-1971-жылдары Кыргыз ССР Мампланында иштеп, транспорт жана байланыш бөлүмүн, экономика жана өндүрүштү уюштуруу лабораториясын жетектеген. Андан соң Кыргыз ССР Министрлер Советинин Иш башкармасында пландоо, жаңы техника жана эмгек ресурстары бөлүмүнүн башчысы болгон. 1971-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин иш башкаруучусу болуп дайындалган.

1973-1983-жылдары Фрунзе шаарынын Октябрь райондук партиялык комитетинин биринчи катчысы болуп шайланган. 1983-жылдан баштап, 1992-жылга чейин кайрадан Кыргыз ССР Министрлер Советинин Иш башкармасын жетектеген. 1993-жылдан тартып Кыргызстан Коммунисттер партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы болуп эмгектенген.

Бейшебек Акунов Кыргыз ССР Жогорку Советинин X жана XI чакырылыштарынын депутаты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки жолку чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Ал өмүрүн өлкөнүн жана өз элинин кызыкчылыгына кызмат өтөөгө арнап, көп жылдык талыкпас жана жаратман эмгеги үчүн III даражадагы «Манас», «Ардак белгиси» ордендери, медалдар жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу болгон.

Бейшебек Акуновдун өмүрү жана эмгек жолу — принципиалдуулуктун, мекенчилдиктин, кажыбас эрктүүлүктүн жана күжүрмөн мээнеткечтиктин үлгүсү. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана бекемделишине, өлкөнүн социалдык жана экономикалык өнүгүшүнө зор салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер катары анын ысымы Кыргызстандын тарыхында калат.

Бейшебек Акуновдун жаркын элеси элибиздин эсинде сакталат.

Бейшебек Акуновдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Жээнбеков С. Ш., Жумабеков Д. А., Абылгазиев М.Д., Калиева Г.У., Дүйшенбиев Р.С., Бакиров М.И., Касымалиева А.К., Боронов К.А., Разаков Ж.П., Өмүрбекова А.С., Аскаров З.М., Омуркулов И.Ш., Турускулов Ж.К., Батырбеков А.Б., Төрөбаев Б.Э., Сулайманов А.Т., Шыкмаматов А.Н., Эсеналиев Д. А., Айдарбеков Ч.А., Жунушалиев К.А., Жаманкулов М.Т., Жеенбаева Б.Ж., Бейшенов Ж.С., Мирзахмедов Н.С., Кудайбердиева Г.К., Чолпонбаев К.С., Жаманкулов А.К.,
Кочкоров У.Т., Осмонбетов Э.К., Жамшитов Ө.А., Бекбоев Т.Б., Мамбетов А., Осмоналиев А.Ш., Жылкыбаев У.К., Масалиев И.А., Турусбеков Б., Чынгышев Т.Ч., Сааданбеков Ж.С., Каниметов Ж.К., Акматов Т.А., Түмөнбаева Ж., Муканбетов Т., Каптагаев Э.С., Костюк А.В., Урманаев С. И., Жапаров Ш. А., Мамбетов М.С., Дубанаев С. ж. б.

Жарандык коштошуу зыйнаты 2019-жылдын 27-майында Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында саат 10:00дө өтөт.

Бейшебек Акуновдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Пикир

Оставить комментарий