• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Ош облусунда опузалап 8 миң доллар талап кылган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Ош облусунда опузалап 8 миң доллар талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ааван районунун жашоочусу 41 жаштагы Ж.М., атуу жаран милицияга арыз менен кайрылган, анда ал 2022-жылдын 8-январынан тартып, бүгүнкү күнгө чейинки аралыкта ага тааныш болбогон "Н" аттуу жаран өзүнүн шериктештери менен бирге эч себепсиз коркутууларды жасап, опузалап 8 миң АКШ долларын талап кылып жаткандыгын билдирген.

Аталган факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.

Ош ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин жүрүшүндө 2022-жылдын 16-февралында Кара-Суу районунун 47 жаштагы бир нече жолу соттолгон З.И., атуу тургуну кармалып, Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий