• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында көп кабаттуу үйдүн батиринен чыккан өрттүн себеби аныкталды

Кырсык 0

Бишкек, 28.10.20. /Кабар/. Ош шаарында көп кабаттуу үйдүн батиринен чыккан өрттүн себеби аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттүн себеби жаш балдардын от менен болгон шоктугу болгон. Учурда өрттөн келтирилген материалдык чыгым такталууда.

Эскерте кетсек, кечээ, 27-октябрь күнү саат 14:06да Ош шаарынын Алай көчөсүндө жайгашкан №35 көп кабаттуу үйдүн 128-батиринен өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 2 адам түтүнгө ууланып, ооруканага жаткырылган, абалдары туруктуу.

Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 15:05те чектөөгө алынып, саат 15:34дө толук өчүрүлгөн. Өрт болгон аймактан 25 жаш бала куткарылып, 35 адам эвакуацияланган. Өрттүн кесепетинен батирдин 26 чарчы метр аянты күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий