• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Президент министр Чолпонбаевге кайрылып: Январда лабораториялар даяр дедиңиз эле. Чындыгында андай эмес экен

Президент 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 31-мартта Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын чакан курамда өткөрүп, анда коронавирус илдетинин таралышын токтотууга жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чараларды күчөтүү жөнүндө маселе каралды.

undefined

Сооронбай Жээнбеков ишинде кетирилген кемчиликтери үчүн, биринчи кезекте, өлкө аймагына илдеттин жайылышына кошумча фактор болуп берген, жугузуп алгандар менен байланышта болгон адамдардын тобун өз маалында аныктабагандыгы үчүн республикалык штабдын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн сынга алды.

Президент лабораториялык изилдөөлөрдү өткөрүүгө өз маалында даярдык болбогондугу, лабораториялардын медициналык техникалар менен жетиштүү жабдылбагандыгы жана тестирлөөгө керектөөчү материалдардын запасы жетишсиз даярдалгандыгы үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн өзүнчө сынга алды.

Мамлекет башчысы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге кайрылып, январда сиз биздин лабораториялар даяр деп маалымат бердиңиз эле. Чындыгында андай эмес экен, деди.

«Тестирлөө реагенттери жетишсиз болуп чыкты. Министрлик өз убагында ыкчам чараларды көрүүсү зарыл болчу», — деди президент министрге кайрылып.

Пикир

Оставить комментарий