• 88.68
  • 95
  • 0.95

Референдумдун жыйынтыгы: Бишкекте жаңы Конституцияны шайлоочулардын 60,5%ы колдоду

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы Конституция боюнча референдумдун жыйынтыгын бекитти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы 25-апрелде жыйынтыктоочу жыйын өткөрүп, арыз-даттануулардын баарып карап чыкты.

“Борбор калаада добуш бергендердин саны 130 миң 215ти түздү. Алардын ичинен Конституцияга 78 миң 854 жаран макулдугун берсе, 46 миң 996сы каршы добушун берген. Ошондой эле чет жактарда 3 миң 168 адам тандоосун жасаган. Алардын 2 миң 484ү “макул”, 668и “каршы” экендигин билдирген”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2021-жылдын 11-апрелинде Конституция боюнча референдумга добуш берүү өткөн.

Пикир

Оставить комментарий