• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынын өткөрдү

Президент 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалдагы чыңалуунун деңгээлин азайтуу, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоо жана чек ара аймагындагы жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланды.

Президент Садыр Жапаров учурдагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн тийиштүү бардык мамлекеттик органдар тарабынан чара көрүлүшү керектигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий