• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Санариптештирүү боюнча бардык министрлердин орун басарлары окуудан өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 17.08.23. /Кабар/. КР министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик бардык министрликтердин санариптештирүү боюнча орун басарларын окуудан өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тренингдин биринчи күнү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өттү.

Минкаб төрагасы инновациялар, маалымат базаларын түзүү жана алардын ортосунда маалымат алмашуу, жеке маалыматтарды коргоо, санариптик көндүмдөрдү үйрөтүү – мунун баары өлкөнү санариптештирүү үчүн маанилүү компоненттер экенин белгиледи.

"Санариптик инструменттердин аркасы менен биз салык чогултууну көбөйттүк жана президентибиз койгон пландарды аткаруудабыз. Технологиянын тез өнүгүүсүндө мамлекет мурдагыдай ордунда тура бербеши керек. Ошондуктан, мамлекеттик кызматкерлерибиздин жаңы инструменттерди жана ыкмаларды мамлекеттин пайдасына максималдуу түрдө пайдалана алышы үчүн аларга санариптик көндүмдөрдү окутууга инвестициялоо маанилүү. Тренингдердин жыйынтыгы боюнча аттестациялоо экзаменин өткөрүп, жыйынтыгын мага билдиришиңиздер керек”, — деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, министрлердин орун басарлары санариптик трансформациянын стратегиялары, электрондук өкмөттүн мыйзамдык негиздери, маалыматтык системалардын механизмдери, жеке маалыматтарды коргоо багыттары боюнча окуудан өтөт. Практикалык сабактардын учурунда санариптик лидерлер үчүн пайдалуу санариптик инструменттер көрсөтүлөт.

Тренинг КР президентинин администрациясынын Санариптик өнүктүрүү бөлүмү жана КР кинистрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан уюштурулуп, 2023-жылдын 14-16-август аралыгында өттү.

Пикир

Оставить комментарий