• 88.68
  • 95
  • 0.95

Шайлоо 2021. Саат 12:00гө карата референдумга 465 миң жаран добуш берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Саат 12:00гө карата Конституция боюнча референдумга 465 миң 121 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, ал жалпы шайлоочулардын 12,9%ын түзөт.

Аймактар боюнча алганда референдумга Бишкекте 41 миң 861, Ош шаарында 28 миң 941, Жалал-Абад облусунда 101 миң 858, Ысык-Көл облусунда 38 миң 548, Нарын облусунда 29 миң 702, Ош облусунда 100 миң 500, Талас облусунда 21 миң 787, Чүй облусунда 60 миң 455, Баткен облусунда 40 миң 696 жана чет өлкөлөрдө 773 жаран добуш берди.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жергеликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү жүрүүдө. Добуш берүү үчүн өлкө аймагында 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

Кыргызстанда 28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат. Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 318 миң 130 жаран, референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий