• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сокулукта 15 жаштагы кыз 40 жаштагы кишиден төрөгөн. Окуянын чоо-жайы

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.03.21. /Кабар/. 2020-жылдын декабрь айынын башында Сокулук районунун милициясына Е.В. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 2005-жылы туулган кызы Т. аттуу киши менен жыныстык катнашта болгонун билдирген. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыганан билдиришти.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 164-беренеси (“Он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чаралардын натыйжасында Т. аттуу жарандын өздүгү такталган. Ал Ош облусунда туулуп өскөн 40 жаштагы Б.Т. экендиги аныкталган.

Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп, окуяны ар тараптуу териштирүү үчүн Б.Т. жана жабырлануу кыз суралган. Б.Т. аттуу жаран бул окуяга катыштыгы жок экендигин билдирген.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Күнөөлүүнү аныктап жоопко тартуу үчүн окуяны ар тараптуу иликтөө үчүн бир катар ыкчам тергөө амалдарын жүргүзүү зарыл болгон. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө жабырлануучу Сокулук районунун прокуратурасына жогорудагы ишти кыскартуу үчүн тосмо арыз менен кайрылган.

2021-жылдын февраль айында Чүй облустук прокуратура тарабынан жогорудагы иш суратылып, тергөө кызматы тарабынан чогултулган материалдар облустук прокуратурага жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий