• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сот зордуктоого айыпталган актер Чыңгыз Мамаевди актады

Коом 0

Бишкек, 18.04.24./Кабар/. Бишкектин Свердлов райондук соту зордуктоого айыпталган Чыңгыз Мамаевди толугу менен актады.

“Кабар” агенттигине соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, соттун 2024-жылдын 17-апрелиндеги өкүмү менен М.К.Б. КР Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда, 154-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн ага коюлган айып боюнча ал күнөөсүз деп табылып, анын иш-аракеттеринде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу акталды.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын апрелинде белгилүу актер Чыңгыз Мамаев Германиянын жаранын зордуктоого шектелип кармалган.

Акын Алыкул Осмоновдун ролун аткарган Мамаевге карата “Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Пикир

Оставить комментарий