• 88.68
  • 95
  • 0.95

Социалдык тармактарда пенсия 65 пайызга көтөрүлдү деген маалымат чындыкка дал келбейт

Коом 0

Бишкек, 14.11.20. /Кабар/. КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү социалдык тармактарда өлкөнүн жарандары үчүн пенсиянын өлчөмү кескин көбөйгөндүгү тууралуу тарап жаткан маалыматтарды расмий түрдө төгүндөйт.

Маалымат мейкиндигинде мурдагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 2020-жылдын 1-декабрынан тартып пенсияны 65 пайызга — 5 723 сомдон 9 443 сомго көтөрүү жөнүндө Жарлыкка кол койгону жөнүндө маалымат таркатылып жатат.

Бирок бул маалымат чындыкка дал келбейт жана жалган болуп саналат.

Үстүбүздөгү жылы Социалдык фонд пенсияны 7 пайызга көтөрүүнү пландап жатат. Бул максаттар үчүн бюджеттен 3 миллиард сом өлчөмүндө каражат талап кылынат.

Пикир

Оставить комментарий