• 88.68
  • 95
  • 0.95

Статистика: 382 адамдан COVID-19 жаңы табылып, жети бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда 11-августка карата коронавирус дагы 382 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 218, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 52, Ош облусунда –17, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 39, Жалал-Абад облусунда – 11, Баткен облусунда – 25 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 771 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча жети бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 455 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 31 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 170 миң 353 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 160 миң 51 киши айыгып чыкса, 2 миң 420 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий