• 88.68
  • 95
  • 0.95

СУАРдын Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз Улуттук тарых музейине барды

Саясат 0

Бишкек, 30.03.24./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жана Кыргызстанга иш сапары менен келген Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз Борбор Азиядагы ири музейлердин бири Бишкектеги Улуттук тарых музейине барды.

КЭР СУАР Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз баштаган кытайлык делегацияга Улуттук тарых музейинин кызматкерлери Кыргызстандын археологиялык, этнографиялык тарыхы, кыргыздардын XVI-XIX-кылымдар аралыгындагы доорун, 1917-1990-жылдар аралыгындагы мезгилин жана көз карандысыз Кыргыз Республикасы тууралуу айтып беришип, музейге коюлган уникалдуу экспонаттар менен тааныштырышты.

Өз кезегинде КЭР СУАР Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз музей жамаатына жаратмандык ийгиликтерди каалап, меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий