• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төө буурчакты сатууда ортомчулар болбош керек -С.Жээнбеков

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 24.09.17 /Кабар/. Төө буурчак эркин, ортомчуларсыз сатылыш керек, деп билдирди Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Талас шаарында Талас облусунун жашоочулары менен болгон жолугушууда, шайлоочулардын суроолоруна жооп берип жатып. Таластыктар көбүнчө төө буурчак рыногунда баа саясатына байланышкан суроолорду беришти.

Сооронбай Жээнбеков төө буурчак рыногуна республика ичиндеги да, сыртындагы да бардык потенциалдуу сатып алуучулар киргизилиши керектигин белгиледи. “2016-жылы премьер-министр кезимде мен рынокко тоскоол жаратпай, баарын киргизүү, ал эми тоскоол жаратып, ортомчулук менен алектенип, төө буурчакка болгон бааны атайын түшүргөндөргө карата жаза колдонуу маселесин койгом. Менин байкашымча, 2016-2017-жылдары анын баасы жакшы деңгээлде кармалып турду”, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 24.09.2017 ж

Пикир

Оставить комментарий