Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 16-ноябрда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Усенова жана облустук ыкчам штабынын мүчөлөрү ири дарыканалардын өкүлдөрү менен жолукту.
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда дары-дармектердин запасы жана баа саясаты боюнча сөз болду.
Өз сөзүндө облус башчысынын орун басары дары-дармекке болгон бааны көтөрбөөгө чакырды.
"Пандемия учурунда материалдык эмес, моралдык жоопкерчиликти сезишибиз керек. Андыктан жөнсүз баалардын көтөрүлүшүнө жол бербөөгө чакырам", - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий