• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көл облусунда уурулукка шектелген эки жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда уурулукка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 15-февралдан тарта Ысык-Көл облусунун аймагында "Ууру" аталышында ыкчам-издөө жана алдын алуу иш-чараларынын комплекстүү операциясы жүрүүдө.

Операциянын үч күндүк жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан мурда жасалган кылмыштардын 41 фактысы ачылып, 1 издөөдө жүргөн кылмышкер колго түшүрүлдү.

11-февраль күнү социалдык тармактарында видео байкоо камераларынан алынган сүрөттөр жана видеолор жарыяланып, анда белгисиз адам, дүкөндүн жанынан башка жаранга таандык капчыкты уурдап, кылмыш болгон жерден качып кеткенин көрүүгө болот.

Аталган маалымат Ысык-Көл РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, милиция кызматкерлери окуя Чолпон-Ата шаарынын дүкөндөрүнүн биринин жанында болгонун аныкташкан. Жергиликтүү тургун автоунаасынан чыгып, дүкөндү көздөй бара жатканда, капчыгын байкабай түшүрүп алган. Ошол учурда белгисиз жаран айымдын капчыгына ээ болуп, окуя болгон жерден качып кеткен. Капчыкта 4 банк картасы, акча жана документтер бар болгон.

15-февраль күнү тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан шектүү жарандын өздүгү аныкталып, колго түшүрүлдү. Ал, 1971-жылы туулган Ч.К. Аттуу Чолпон-Ата шаарынын тургуну болгон. Уурдалган буюмдар жабырлануучуга кайтарылып берилген.

Аталган факт Ысык-Көл РИИБне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Тергөө кызматы тарабынан шектүү жарандын башка кылмыштарга тиешеси бар, же жогу текшерилүүдө.

Ошондой эле 15-январь күнү Ысык-Көл РИИБне арыз менен Чырпыкты айылынын тургуну кайрылып, белгисиз адамдар автоунаасынын ичинен “Редми Ноут 9” үлгүсүндө уюлдук телефонун уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты райондук милициянын КБРне катталып, Кылмыш жаза кодексинин 205 (Уурдоо) беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүүнүн өздүгүн аныкташкан. Ал, жабырлануучунун айылдашы 23 жаштагы Т.Ч. болуп чыкты.

15-февраль күнү кылмышка шектүү жаран Ош облусунун айылдарынын биринде жүргөндүгү аныкталып, жашырынып жүргөн жеринен Ысык-Көл РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Учурда шектүү жарандын башка кылмыштарга тиешеси бар экенин тактоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий