• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында кесипке багыт берүү борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүндө кесипке багыт берүү борбору ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору кабарлайт.

Билдирүүгө ылайык, борбордун ачылышына Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гулбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад шаардык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Батина Токобаева, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Аталган борбор Германия өлкөсүнүн кызматташтыгынын негизинде “GIZ” эл аралык коомунун колдоосу менен ишке ашкан. Борбор заманбап 3D үлгүсүндөгү компьютердик-техникалык жабдуулар, окуу китептери менен камсыздалган.

Борбордун максаты жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын кесип тандоо жаатында туура чечим кабыл алуусуна көмөктөшүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий