• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абаддагы Кара-Үңкүр дарыясында суунун деңгээли көтөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районун аралап өткөн Кара-Үңкүр дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, бир катар аймактарга кооптуулук жаралган. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Суунун көлөмү бүгүн нөшөрлөп жааган жамгырдан улам көтөрүлгөн.

Жерине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылып, Көкчө-Көз тилкесиндеги кооптулук жараткан аймакты коопсуздандыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Сейдикум айыл аймагынын Дүкүр, МТФ, Турпак-Коргон тилкесинин Сол жээгин бекемдөө иштери жергиликтүү бийлик тарабынан колго алынып, 8 оор техника жана айыл тургундарынан 32 адам тартылып, бекемдөө жумуштары колго алынган.

Пикир

Оставить комментарий