• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Жаш булак” жаштар лагери иштеп баштады

Коом 0

Бишкек, 12-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Чүй облусунун “Жарлы-Кайыңды” капчыгайында экинчи “Жаш булак” жаштар лагерь-форумунун ачылышы болду. Анда республиканын бардык аймактарынан келген 300 бала, жакынкы жана алыскы 12 мамлекеттен келген чет өлкөлүк балдар катышууда.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, лагерь-форуму чатыр форматында өтүп жатат. Анын максаты катышуучулардын жеке адамдык сапатын өстүрүүгө түрткү берүү болуп саналат.

Өз кезегинде аталган ведомствонун орун басары Мирлан Парханов мамлекеттик агенттик жаштардын башын бириктирген мындай лагерь-форумду өлкөнүн бардык аймактарында жыл сайын уюштурууну көздөп жатканын айтты. Ал эми бул форумга ведомстводон 2 миллион 800 миң сом бөлүнгөн.

“Катышуучуларды эки топко бөлүп, алар эки жума шарты жок чатырчаларда жашашат. Биринчи топто республиканын бардык аймактарынан келген 300 бала, жакынкы жана алыскы 12 мамлекеттен келген чет өлкөлүк балдар катышууда”,-деди Парханов.

Экинчи топтун катышуучуларына форум 16-23-июлга чейин өтөт.

Пикир

Оставить комментарий