• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Азат Үсөналиев Финляндиядагы мелдеште жеңүүчү болду

Спорт 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Азат Үсөналиев Финляндиянын борбору Хельсинки шаарындагы "Gee Bee" эл аралык мелдешинде жеңүүчү болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Дем алыш күндөрү болуп өткөн мелдешке 15 өлкөдөн келген 97 спортчу катышкан.

Үсөналиев 52 килограмм салмак ченинде күч сынашкан. Ал мелдешти жарым финалдан баштап, анда индиялык Сачин Шивач Сингх менен беттешкен. Аны 4:1 эсебинде жеңген. Финалда ал казакстандык Азат Махметовду калыстардын чечими менен утуп алган.

Пикир

Оставить комментарий