• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Азия оюндары: Кыргызстандын кыз-келиндер командасынын курамына өзгөртүү киргизилди

Спорт 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. XIX Азия оюндарына катыша турган Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын курамында өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков билдирди.

Анын айтымында, мелдешке Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы катышат.

“Ал эми Мээрим Жуманазрова алган жаракаттарына байланыштуу Азия оюндарына катыша албайт. Жуманазарованын ордуна 68 кг чейинки салмакта балбан Нурзат Нуртаева катышмакчы”, - деди ал.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрынан 8-октябрына чейин Кытайдын Ханчжоу жана ошондой эле беш шаарында XIX Азия оюндары өтүп жатат.

Мелдештерди алгач 2022-жылы өткөрүү пландалган, бирок коронавирус пандемиясынан жана мурунку жылдардагы ири турнирлердин жылдырылышынан улам мелдеш 2023-жылга жылдырылган.

Азия оюндарында 45 өлкөдөн 12 миң 500 спортчу катышууда.

Пикир

Оставить комментарий