• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Балбан Алмаз Сманбеков Азия чемпионатында күмүш медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 13.04.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Алмаз Сманбеков Казакстанда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль утту.

Сманбеков 57 салмакта мелдештин тандоо турунан баштап катышты. Кыргыз балбаны пакистандык жана казакстандык спортчуларды жеңип жарым финалга көтөрүлдү. Анда монголиялык Занабазар Занданбудга каршы килемге чыгып, аны 8:6 эсебинде утуп алды.

Финалда Сманбеков индиялык Аман аттуу балбан менен кармашып, 4:9 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.

Эскерте кетсек, Алмаз Сманбеков 2022-жылы Монголияда өткөн эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында коло медалга ээ болгон.

Аталган мелдеште грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг) жана Акылбек Талантбеков (82 кг) алтын, Үзүр Жузупбеков (97 кг) күмүш, Роман Ким (130 кг) Раззак Бейшекеев (67 кг) жана Адилхан Нурланбеков (72 кг) коло медаль багындырса, кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова (62 кг) алтын, Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш, Калмира Билимбекова (59 кг) коло медаль тагынды.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий