• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Балыкчыда милиция каржы пирамидасынын уюштуруучуларын кармады. Милицияга 143 арыз түшкөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Милиция кызматкерлери тарабынан Балыкчы шаарында каржы пирамидасын уюштургандыгы үчүн жети жаран кармалды.

Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, алар мыйзамсыз 10 миллион сомдон ашык пайда көрүшкөн. Кармалган жарандарга КР Жазык кодексинин 21-беренеси (Каржы пирамидаларын уюштуруу) менен шектелип жаткандыгы боюнча билдирме берилди.

Каржы пирамидасы боюнча маалыматты милицияга алданып калган жабырлануучулар билдирди. Алардын айтымында, Балыкчы шаарында орун алган «Ырыскы» жана «Ак-Куу» каржы мекемелери ири пайызда үстөк төлөп берерин убадалагандан улам, аталган мекемелерге акча каражаттарын салышкан.

Бардык түшкөн арыздар Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кылмыштын оордугун жана анын кесепетинен келтирилген зыяндын өлчөмү ири болгондуктан, андан тышкары тез аранын ичинде кылмыштын бетин ачуу максатында Ысык-Көл ОИИБдин жана Балыкчы ШИИБдин тажрыйбалуу милиция кызматкерлеринен турган тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында каржы пирамидасын уюштурган жарандардын өздүгү аныкталган. Алар, Балыкчы шаарынын 27 жаштагы Т. Зульфия, 28 жаштагы А. Алина, 38 жаштагы А.Жазира, 31 жаштагы Т. Чынара, 35 жаштагы Б.Асел, 51 жаштагы Б.Гүлмира жана 55 жаштагы Ө.Атыркүл болуп чыгышып, милиция кызматкерлери тарабынан кармалышкан. 18-август күнү соттун чечими менен кылмышка шектүү аялдар 2 айга камак алынды.

Милиция кызматкерлери белгилегендей, каржы пирамидасынын уюштуруучулары, көбүрөк кардарларды өздөрүнө тартуу үчүн, жаӊы тартылган кардарлардын эсебинен түшкөн акча каражаттарын алгач сүйлөшкөн пайыздык өлчөм менен төлөп келишкен. Андан кийин төлөмдөрдү токтотуп салышкан.

Бүгүнкү күндө эки каржы пирамидасы боюнча 143 арыз катталып, анын ичинен 132 тергөө жана 11 жоруктар багыттары боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө. Бирок, алданып калган кардарлардан арыздар дагы да түшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий