• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте жасалма номер менен жүргөн айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери жасалма номер менен жүргөн айдоочуну кармады.

Аталган кызматтан билдиришкендей, 18-сентябрда милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, саат 16:00дөр чамасында Чүй көчөсү менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Hyundai Getz үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Кызматкерлер унаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда 28 жаштагы Ш.Б. аттуу айдоочу өзүнүн унаасынын мамлекеттик номерин жасалмага алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган.

“Унаанын алдыңкы номери башка, арты башка. Ал эми документте такыр башка номер көрсөтүлгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочусу андан ары чара көрүү үчүн Свердлов райондук милициясынын тергөө кызматына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий