• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Дзюдочу Юрий Краковецкий Ислам тилектештик оюндарында “алтын” алды

Спорт 0

Бишкек, 15-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык дзюдочу Юрий Краковецкий Бакудагы Ислам тилектештиги оюндарында алтын медаль алды.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, финалда атамекендик дзюдочу 100 кг жогору салмак категориясында алжирдик спортчу Наджиб Теммаром (Temmar Nadjib) менен беттешип, 1 мүнөт 14 секундда жеңишке жетишти.

Ошондой эле, 14-майда 81 кг чейинки салмак категориясында дзюдо боюнча Владимир Золоев коло медаль алды. Ал сириялык Мохамад Касенди жеңген.

Эскерте кетсек, мелдештин биринчи күнүндө кыргызстандык дзюдочулар - Отар Бестаев жана Бектур Рысмамбетов коло медаль алышкан.

Пикир

Оставить комментарий