• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык окуучулар биология боюнча британ олимпиадасында 14 медаль жеңип алышты

Билим 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Кыргызстандык окуучулар биология боюнча британ олимпиадасы – 2022ге катышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, быйыл олимпиадага дүйнө жүзү боюнча 700дөн ашуун мектептен 10 миңден ашуун окуучу катышты. Кыргызстандан 184 окуучу катышып, 4 алтын, 5 күмүш жана 5 коло медаль жеңип алышты.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

1. Алмазов Алай, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи, 10-класс – алтын медаль;

2. Марат уулу Рахман, И. Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи, 10-класс – алтын медаль;

3. Абдисаматов Нурислам, Жайыл Баатыр атындагы лицей, 10-класс – алтын медаль;

4. Жумагулов Бекмырза, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 11-класс – алтын медаль;

5. Момуналиев Арслан, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи, 10-класс – күмүш медаль;

6. Темиралиев Умар, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 10-класс – күмүш медаль;

7. Курманбеков Сагындык, «Сема» Ош лицейи, 11-класс – күмүш медаль;

8. Келдибеков Бектемир, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи, 10-класс –күмүш медаль;

9. Гаипов Данияр, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 9-класс – күмүш медаль;

10. Жуманалиев Далер, Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи, 11-класс – коло медаль;

11. Карыпжанов Байзак, «Манас-Ата» Талас лицейи, 9-класс – коло медаль;

12. Камытов Улукбек, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 11-класс – коло медаль;

13. Жолдошбеков Илим, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи, 11-класс – коло медаль;

14. Замиров Акылбек, «Кут билим» Ысык-Көл окуу-тарбия комплекси, 11-класс – коло медаль.

Пикир

Оставить комментарий