• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын желеги кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде желбиреди – видео

Спорт 0


Бишкек, 10.01.20. /Кабар/. Швейцарияда өспүрүмдөр арасында кышкы Олимпиада оюндары башталды. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, кышкы Олимпиада оюндарына 70 өлкөнүн спортчулары катышат.

Аталган иш-чаранын ачылышында Кыргызстандын желегин биатлончу Елена Бондарец көтөрүп чыкты.

Кыргызстандын атынан Олимпиада оюндарына Елена Бондарец жана Ислам Турганбаев катышууда.

Пикир

Оставить комментарий