• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Минск шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары салтанаттуу аяктады — фоторепортаж

Спорт 0


Минск, 13.08.23. /Нурзат Жумалиева – Кабар/. Ушул тапта Беларусь Республикасы дүйнөлүк спорт коомчулугунун көңүл чордонуна айланып, аталган өлкөнүн 10 шаарында 4-августтан 13-августка чейин КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары болуп өттү.

Аталган оюндар спорт дүйнөсүндө эң жаркын элестерди калтырган иш-чара болуп калды.

КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарына спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышты.

Ал эми Кыргызстандын намысын 17 спорттун түрүнөн (грек-рим күрөшү, бокс, оор атлетика, ок атуу, жеңил атлетика, жаа атуу, гандбол, баскетбол 3х3, эркин күрөшү, кыз-келиндер күрөшү, самбо, тайбокс, заманбап спорттун беш түрү, көркөм гимнастика, мини футбол, каратэ-до, сууда сүзүү) 200дөн ашуун спортчу коргоду.

Бүгүн, 13-августта Беларустун борбору Минск шаарындагы “Минск-Арена” маданий-спорт комплексинде КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарынын салтанаттуу жабылыш аземи өттү.

Иш-чаранын расмий ачылышына Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин башкы катчысы Сергей Лебедев катышып, ал өз сөзүндө КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары шериктештиктин тарыхында масштабдуу жана маанилүү спорттук окуя катары каларын белгиледи.

Ошондой эле салтанатта Беларустун вице-премьери Игорь Петришенко КМШнын желегин Азербайжандын вице-премьер-министри Шахин Мустафаевге тапшырып, муну менен эстафетаны Азербайжанга өткөрүп берди.

КМШнын кийинки оюндары 2025-жылы Азербайжанда өтөт.

Азем катышуучу өлкөлөрдүн спортчуларынын парады жана концерттик программа менен коштолду.

Оюндар Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн ортосундагы достукту бекемдөө менен дене тарбия жана спорт тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну иш жүзүндө ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.

Эскерте кетсек, КМШ өлкөлөрүнүн биринчи оюндары 2021-жылдын 4-сентябрынан 14-сентябрына чейин Татарстандын Казань шаарында өткөн. Оюндарга Кыргызстандын атынан спорттун 13 түрү боюнча 157 спортчу катышкан.

Пикир

Оставить комментарий