• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

"Нооруз-2024". Көк бөрү боюнча жогорку жана биринчи лиганын оюндары башталды

Спорт 0

Бишкек, 16.03.24. /Кабар/. Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында көк бөрү оюну боюнча “Нооруз-2024” Республикалык мелдешинин алкагында Жогорку, Биринчи жана Ардагерлер лигасынын оюндары старт алды.

Салтанаттуу ачылыш аземге маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары - Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын кызматкерлери, көк бөрү федерациясынын өкүлдөрү, спортчулар жана күйөрмандар катышты.

Эскерте кетсек, мелдештер төрт лигага бөлүнүп өтүүдө. Алар:

- Жогорку лига (6 команда);
- Биринчи лига (12 команда);
- Экинчи лига (16 команда);
- Ардагерлер лигасы (6 команда).

Турнирдин алгачкы күнү, 12-мартта, экинчи лиганын оюндары менен башталды. Ал жакта 16 команда төрт тайпага бөлүнүп, оюн көрсөтүштү. 15-марттан тарта Жогорку, Биринчи жана Ардагерлер лигасынын оюндары башталды. Ал эми финалдык оюндар 21-март күнү Бишкектин чет жагында салынып жаткан жаңы ипподромдо өтөт.

Пикир

Оставить комментарий