• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Оштогу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы”: Ат оюндарынын жеңүүчүлөрүнө ири акчалай сыйлыктар тапшырылды

Спорт 0

Ош, 05.11.18. /Кабар/. Ош шаарында 3-ноябрда “Жаныбарым Гүлсары” ураанынын алдында ат чабыш, кыз куумай, жорго салыш, тай чабыш, кунан чабыш жана көк бөрү боюнча ат үстүндөгү спорттук оюндар өттү.

Иш-чарага КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков, төрага Дастан Жумабеков, жазуучунун уулу Эльдар Айтматов, Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов, жергиликтүү жетекчилер жана тургундар катышты.

Көк бөрү боюнча өлкөнүн чемпионуна, Чүй облусунун командасына 500 миң сом, экинчи орунду алган Ысык-Көл облусунун командасына 250 миң сом, үчүнчү орунду ээлеген Талас облусунун командасына 100 миң сом, Ош облусунун командасына 80 миң сом тапшырылды. Мыкты улакчыга жана мыкты атка 10 миң сомдон берилди.

Андан сырткары башка ат оюндарынын жеңүүчүлөрүнө – үчүнчү орунду ээлеген спортчуларга 30 миң сом, биринчи орунду алган спортчуларга 80 миң сомго чейинки акчалай сыйлыктарды беришти.

Пикир

Оставить комментарий