• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата виртуалдык көргөзмө уюштурулду

Маданият 0

Бишкек, 25.11.22. /Кабар/. Архив кызматы кыргыз адабиятынын классиги, улуттук профессионалдык драматургиясынын негиз салуучусу Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата виртуалдык көргөзмө баштады. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмөдөгү экспозициянын негизин КР Кинофотофонодокументтер борбордук мамлекеттик архивинин, КР Борбордук мамлекеттик архивинин жана КР президентинин архивинин, муну менен бирге Абдумомуновдун архивинен фотодокументтер менен документтер түздү.

Көрүүчүлөрдүн сынына коюлган көргөзмө алты бөлүктөн турат: “Жолдун башаты”, “Адабий айдыңында”, “Абдумомуновдун сүрөттөрү (фэнтези)”, “Үй-бүлө”, “Эс тутум”, “Пьесалар”.

Көргөзмөнүн хронологиялык чеги 1930-жылдан 2022-жылга чейинки убакытты камтыйт. Көргөзмөгө кошулган фотодокументтер Токтоболот Абдумомуновдун советтик кыргыз адабиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон барандуу салымын айгиленейт.

Виртуалдык көргөзмө менен бул шилтеме аркылуу таанышса болот.

Эске сала кетсек, ТЮРКСОЙ 2022-жылын кыргыз адабиятынын классиги Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгынын урматына Токтоболот Абдумомунов жылы деп жарыялаган. Бул чечим ТЮРКСОЙ өлкөлөрүнүн маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 16-сентябрьда Өзбекстандын Хива шаарында болуп өткөн 38-чи отурумунда кабыл алынган.

Токтоболот Абдумомунов – профессионалдык кыргыз драматургиясынын негиз салуучусу, Кыргыз ССРнин Эл жазуучусу (1986-ж.), Кыргыз ССРнин Искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1972-ж.), Токтогул Сатылганов атындагы Мамлекеттик премиясынын Лауреаты (1967-ж.).

Токтоболот Абдумомунов 1922-жылдын 15-августунда Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылында жарык дүйнөгө келген.

СССРдин Жогорку Советинин иш-кагаздарынын котормочусу, корректору, “Советтик Кыргызстан” журналынын бөлүм башчысы болуп эмгектенди.

1959-жылдан 1971-жылдар аралыгында Кыргызстан Жазуучулар бирлигинин башкармалыгын биринчи секретары жана СССРдин Жазуучулар бирлигинин башкармалыгынын катчысы болгон. 1974-жылдан 1987-жылдарда Кыргыз ССРдин театралдык коомунун Президиумунун төрагасы болуп, бир катар коомдук кызмат орундарды ээледи, алсак, СССРдин Жаңылыктарды Басып Чыгаруу Агентигинин кыргыз бөлүмүнүн директору, Лениндик комсомол республикалык премиясын ыйгаруу боюнча комиссиянын төрагасы, чет өлкөлүк өлкөлөр менен достук боюнча кыргыз коомунун Төрагасынын орун басары болуп да эмгектенди.

Азыркы тапта кыргыз драматургиясынын өнүгүшүнө жана жаңы жогорку деңгээлге чыгышына түздөн-түз Токтоболот Абдумомуновдун эмгеги баа жеткис.

Токтоболот Абдумомунов – биринчи кыргыз кинодраматургу. 1958-жылы Москвада болуп өткон Бүткүл союздук кинофестивалда анын сценарийи менен тартылган “Алыскы тоолордо” тасмасы экинчи орунду ээлеп, Советтик Союзда жана социалистик өлкөлөрдө кинотасма ийгиликтүү көрсөтүлүп жатты.

Токтоболот Абдумомунов прозаик катары да белгилүү. Анын калемине очерктер, аңгемелер жана романдар да таандык.

Жазуучу Кыргызстандын адабияты жана искусствосу жаатындагы жасаган барандуу эмгеги үчүн үч Эмгекчил Кызыл Байрак ордендери, Элдердин достугу Ордени жана медалдар менен сыйланган.

1997-жылы Токтоболот Абдумомуновдун ысымы Кыргыз улуттук драмалык театрына ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий