• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Жалал-Абадда мектептин курулушу толук бүткөрүлбөстөн колдонууга берилген

Аймак 0

Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда мектептин курулушу толук бүткөрүлбөстөн колдонууга берилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 13-октябрында Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынан Аксы районунун Авлетим айылында 225 орундуу мектеп куруу үчүн «Эскада» ЖЧКна 34 477 753 сом акча каражаты которулган.

Ал эми иш жүзүндө 30 025 064 сомдук курулуш гана жүргүзүлгөндүгүнө карабастан 2020-жылдын 14-июлунда аталган башкармалыктын кызматкерлери кызмат абалдарын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануу менен пайда жана артыкчылык алуу максатында курулуш толугу менен бүткѳндүгү жѳнүндѳ кабыл алуу актысын түзүп, мектепти пайдаланууга мыйзамсыз берип жиберишкен.

Натыйжада мамлекетке 4 452 689 сомдук зыян келтирилген.

Аталган факты 2020-жылдын 13-ноябрында Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан КР Жазык кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен КЖБРге катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикир

Оставить комментарий